SEREPTV телеканалынын кабарчысы президенттик стипендияга ээ болду

Бүгүн, 16-декабрда өлкө башчысы Садыр Жапаров республиканын жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

SEREPTV телеканалынын кабарчысы, Кыргыз улуттук агрардык университетинин 4-курсунун студенти Зина Кубанычбек кызы да стипендия алды.

«Жаңы укканда ишене албай жаттым. Бүгүн президенттин колунан стипендия алып, кубанып жаткан учурум. 4 жылдык мээнет текке кеткен жок деп өзүм менен сыймыктанып жатам», — деди ал.