Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жаңжалдын аяктаганына кубанычта экендигин билдирди. Бул тууралуу Орусиянын ЖМКлары жазып чыгышты.
Ошол эле учурда Орусия Федерациясы тараптардын чек ара маселесин чечүү үчүн жасап жаткан аракеттерин жактырат. Сергей Лавровдун айтымында, бул постсоветтик мейкиндиктеги мамлекеттер буга чейин талаптагыдай бекитилбеген чек араларды тартуу маселесинде кандайча кызматташуу керектигинин жакшы мисалы.
УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Акыркы чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон.