Сергей Лавров Кыргызстанда кабыл алынган тил мыйзамы тууралуу пикирин билдирди

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирди. Видеонун 19-июлда тартылганы айтылып жатат.

«Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл алынган. Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, дарыгерлер да кирет. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай«, — деди Лавров.