«Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобустар чыгарылды». Бишкек мэри автобус, троллейбус боюнча маалымат берди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында троллейбустардын абалы боюнча түшүндүрмө берди.

«Бүгүнкү күндө Бишкек 1000 автобус менен камсыз болду. Биз шаарга коомдук транспорт керек экенин бир нече жолу айттык. Бул бизге эмне берди? Шаар ичинен 1,5 миңден ашык кичи автобустарды чыгардык. Троллейбус маселеси, «Ачык асман» шаарын түзүү жөнүндө сөз болуп жаткандай. Бул биздин программада болгон. Биз бүгүнкү күндөгү динамиканы токтотпошубуз керек.

Автобустар бизге жаңы маршруттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз троллейбустарды сатпайбыз, аймактарга берип жатабыз. Бул мамлекеттин саясаты, өлкө жетекчилигинин саясаты, бул Бишкек мэриясынын саясаты. Баары бирдей өнүгүшүн каалайбыз.

Бишкектин аймагы үч эсеге көбөйдү. Бул жерде депутаттар отурат, баары азыр автобустар келбей жатат деген көйгөйдү айтууга даяр. Троллейбустарды таштайбыз, алар ошол жакка жетеби? Жаңы аймактарга жетүү үчүн биз мындан да көп мобилдүү автобустарды жана электр автобустарын сатып алышыбыз керек. Биз бул ишти улантабыз жана бул маселеде сиздерден колдоо сурайбыз», — деди шаар башчысы.