«Шаарды гүлдөтөм дедиңиз эле, гүлдөтүп жатасыз». Ошто үч көчөдө жаңыдан тротуар салынды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жана шаар тургундарынын катышуусунда Раззаков, Алай, Сүйүнбаев көчөлөрүндө жаңыдан курулуп бүткөрүлгөн тротуарлар ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Аталган көчөлөрдө буга чейин жөө жүргүнчүлөр үчүн шарт болгон эмес. Тротуар менен кошо ирригациялык тутумдар, жана түнкү жарыктандыруу системалары орнотулган. Тротуарлардын жалпы узундугу 3 чакырым 250 метрди түзөт.

Анын ичинен:

Раззаков көчөсүндөгү тротуардын узундугу 2 чакырым, туурасы 3 метр;
Алай көчөсүндөгү тротуардын узундугу 250 метр, кеңдиги 2 метр;
Сүйүнбаев көчөсүндөгү тротуар эки тараптуу болуп курулуп, ар биринин узундугу 500 метр, кеңдиги 2 метрди түзөт.