Бишкектеги шаардык балдар ооруканасы бейтаптарга толуп калды. Себеби эмнеде?

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги шаардык клиникалык балдар ооруканасына бейтаптар батпай, дарыгердин кабыл алуусун 1,5 саат күтүү керектигин жазып жатышат. Бул боюнча оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Данияр Шайбеков үн катты. Анын айтымында, бул маалымат чын.

«Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы коронавирус менен ооругандарды гана кабыл алат, жугуштуу ооруга чалдыккан балдар биздин ооруканага жаткырылат. Азыр жугуштуу оорулар көбөйдү, алардан башка оорулар дагы бар», — деди ал.

Шайбеков ошондой эле көбүндө сасык тумоо, ичеги оорулары жана башкала оорулар экенин белгиледи. «Пневмония менен ооруган балдарды Эне жана баланы коргоо улуттук борбору кабыл алат. Биз күн сайын болжол менен 100 бейтапты чыгарабыз жана 200дөн ашууну кабыл алабыз. Жумуш көп жана биздин дарыгерлердин да убактысы жок, анткени бизге көп бейтаптар келет», — деди ал.

«Массалык уулануу катталган жок, бирок бирин-серин учурлар болот. Ата-энелер балдарынын тамактануусун көзөмөлдөшү керек», — деди дарыгер.