Шаардык кеңештин депутаты: «ПЦР-анализдин өз баасы 300-350 сом турат»

ПЦР-анализдин өз баасы 300-350 сом турат, ал эми менчик лабораториялар бул кызмат үчүн 1 миң 700 сом алып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Бакыт Шайдуллаев айтып чыкты. Ал бул маселе боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге кайрылды.

“Сиз бул маселени республикалык штабда талкуулашыңыз керек. Баа саясатын карап чыгуу керек”, — деди депутат. Шайдуллаевдин айтымында, өкмөт компанияларга жогорудагы анализдерди алып келүүдө бажы алымдарын жеңилдетүү менен жардам берген.