Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан мурдагы депутаты эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, издөөдө жүргөн Талас шаардык кеңешинин КСДП фракциясынын экс-депутаты кармалды.
Маалыматка караганда, экс-депутат 2017-жылы алдамчылык жолу менен чет элдик инвесторлордон 7 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык мүлктү жана каражаттарды тартып алганы аныкталган.
Жыйынтыгында, ал ИИМ тарабынан издөөдө жүргөн. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аталган экс-депутатты 18-октябрга чейин УКМКнын тергөө камак жайында кармоо түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.