Бишкектеги маршруттук таксилер жарнамадан тазаланууда

Бишкектеги маршруттук таксилерге илинген жарнамалар алынып, тазаланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Шаардагы айрым маршруттук таксилердин салону кир, отурган сынык, айрылган болот. Айдоочулар салондогу сынык, кирди дароо байкап калышпайт. Ошого байланыштуу шаар тургундары ыңгайсыздыкты жараткан маршруттук таксинин ичин фото, видеого тартып алышат. Биз шаардыктардын сунуштарын эске алып, коомдук транспорттун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп келебиз», — деп жазылат маалыматта.

Тургундарды ташуучу менчик ишканаларга маршруттук таксинин сыртын түрдүү жарнактардан тазалап, бир түстүү кылуусу, ичиндеги эски отургуч, айнектери, отургучтардын кабын алмаштыруу боюнча тапшырма берилди.