«Шаардын кире беришине посттор орнотулуп, техника тартылат». Ош мэриясы шаардыктарга кайрылды

Ош шаарында 24-26-май күндөрү аскердик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдирди.

«Ош шаарынын аймагында 24-26-май күндөрү күнү-түнү ири аскердик машыгуулар өтөт. Ош шаарынын аймагына кире бериштерде блок-посттор орнотулуп, аскерлер, аскердик техникалар тартылат. Жолдон куралчан аскерлерди, аскердик техникаларды көрсөңүздөр чочулабаңыздар. Бул — аскердик машыгуу»,- деп жазды ал.