Шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо саат 12:00гө карата 10 кайрылуу түштү

Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо башталды.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаровдун айтымында, үч шаардагы шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 55 кайрылуу келген.

“Саат 12:00гө карата 10 кайрылуу түштү. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча жетөө (Бишкекте алты, Токмокто бир), шайлоочуларды ташуу боюнча экөө (Бишкекте). Ал эми бирөө Бишкекте мыйзам бузуу боюнча катталды. Бул боюнча укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдын негизинде чечим кабыл алынып, укуктук баа берилет”, — дейт ал.