Шахтадагы жарылуу: Садыр Жапаров Казак президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан Казакстан элине жана өлкө лидерине Караганда облусундагы Костенко атындагы шахтадагы жарылуудан улам адамдар курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Ал каза болгондордун туугандарына жана жакындарына кайраттуу болушун, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

Садыр Жапаров бул оор учурда Кыргызстан боордош Казакстан элинин жанында экенин баса белгиледи.