Шайлоо-2021. Бир мандаттуу округдан талапкерлер коалиция түзүштү

Бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин коалициясы түзүлдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ат салышкан талапкер Мавлян Аскарбеков билдирди.

«Шайлоодон кийин партия лидерлери, партия мүчөлөрү гана нааразы болуп, Борбордук шайлоо комиссиясы, Коопсуздук кеңеши менен жолугушууларды өткөрүштү. Бирок биздин көйгөйүбүздү эч ким көтөргөн да, уккан да жок. Коалиция түзүүнүн максаты – биздин көп сандаган көйгөйлөрүбүздү коомчулукка жана мамлекеттик органдарга жеткирүү», — деди ал.

Талапкерлер президентке жана УКМКнын төрагасына да кайрылышты. Аларды кабыл алып, угууну суранышат. «36 округдун ичинен Биринчи Май жана Свердлов округунда гана жеңүүчү болгон жок. Бирок башка райондордо көйгөйлөр көп. Биз бүт процесстен өттүк жана баарын билебиз. Мен ачык эле айтам, талапкерлер тарабынан паракорлук болгон. Бирок эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу административдик ресурс колдонулган жок», — деди Мавлян Аскарбеков.

Жаңы түзүлгөн коалиция борбор калаанын эки районунда кайра шайлоону таза өткөрүү үчүн күрөшүүнү көздөп жатат. Талапкерлер шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салууну жана шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды түзүүнү талап кылышууда.