Шайлоо-2021. «Бүтүн Кыргызстандын» эки арызы жарым-жартылай канааттандырылды

БШК “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын лидерине өз талапкерлери менен, айрыкча Арсланбек Эгембердиев менен сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Анын үстүнөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү арызданышкан. Арсланбек Эгембердиев Фейсбуктагы баракчасында үгүт иштеринин биринде “Бүтүн Кыргызстанда” “жалаң уурулар” бар экенин жазган.

Борбордук шайлоо комиссиясы арызды карады. Жыйында саясий уюмдун катталган тизмесинде мандат үчүн соттолгон бир дагы талапкер жок экени, ошондуктан тараган маалыматтар чындыкка дал келбестиги айтылды. Бирок жазылган маалымат массалык маалымат каражаттарында эмес, социалдык тармактарда болгондуктан, БШК Арсланбек Эгембердиевди Бузуулар кодексинин негизинде жоопко тарта албайт. БШК партияга жана талапкерге өзүнчө жазуу жүзүндө эскертүү берген эмес. Бирок ал “Ата Журт Кыргызстан” партиялар кол койгон меморандумду бузганын мойнуна алды. “Ата Журт Кыргызстан” партиясынын жетекчилигине Арсланбек Эгембердиев менен сүйлөшүү сунушталып, бул боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтүлдү.

Ушундай эле арыз “Бүтүн Кыргызстандан” партиясынан “Багыт” партиясынын үстүнөн түшкөн. “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров жерди сатып жибергенин Бекзат Мырзаков саясий уюмдун үгүт иш-чарасында билдирген. БШКнын жумушчу тобу арызды карап чыгып, Бекзат Мырзаковдун айтканы жалган деген бүтүмгө келди. Жерди алдаган беренелер боюнча Мадумаровго карата соттун чечими жок. Ошол эле учурда Бекзат Мырзаков “Багыттын” талапкери да, партияда да эмес. Ал үгүт иш-чарасында сүйлөп, анын сөзү саясий уюмдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында партияга эскертүү эмес, жазуу жүзүндө билдирүү келери, Бекзат Мырзаковго байланыштуу материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү айтылып, шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова эл өкүлдөрүнө түшүндүрмө берди. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы мандат үчүн тигил же бул талапкер массалык маалымат каражаттарында, бекер негизде уюштурулган эфир убактысында сүйлөп, атаандаштарынын ар-намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жасаганда гана жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экенин билдирди.