Шайлоо-2021. Шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 2 күн калды

БШК парламенттик шайлоого шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 2 күн калгандыгын шайлоочуларга эскертет. 19-сентябрдан башталган шайлоочулардын тизмесин тактоо 12-ноябрга (кошуп алганда) чейин жүргүзүлөт.

2021-жылдын 12-ноябрына чейинки (кошуп алганда) өзүңүз тууралуу маалыматты шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз:

Ар бир шайлоочу шайлоочулардын алдын ала тизмесинде кандай болбосун ката же болбосо так эместикти тапкан, ошондой эле анда өзү жок учурда, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен, ырастоочу документтердин көүчүрмөлөрүн тиркөө менен, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу, бул учурда шайлоочу биометрикалык идентификациялоодон өтөт.

Арызды электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “https://tizme.gov.kg/” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу тапшырса дагы болот.

Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) бул жол-жободон өтүп, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыра алышат.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандар, мындан тышкары, паспортундагы дарек маалыматтарын актуалдаштыруу үчүн жашаган жери боюнча Калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусу зарыл.

Шайлоочулардын биротоло тизмелери 2021-жылдын 18-ноябрында “Тизме” порталына жайгаштырылат.