Шайлоо: БШК аралыктан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн узартты

17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясы арыздарды кабыл алуу мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.

БШК бул жарандардын аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталганын билдирди.

Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустук борборлорунда аралыктан добуш берүү үчүн арыздар кабыл алынып жатат. Бул үчүн атайын уюштурулган пункттарда, жети калкты тейлөө борборунда, 10 жогорку окуу жайда жана 10 шайлоо участокторунда атайын кызматкерлер ачык түстөгү жилеттерди кийип, жарандарга арыз берүү боюнча квалификациялуу жардам көрсөтүшөт. Аралыктан добуш берүү үчүн 6-ноябрга чейин tizme.gov.kg сайтына кирип, «Шайлоочунун кабинети» кызматынан пайдаланып арыз беришиңиз керек. Аралыктан добуш берүү жол-жоболору анкета толтуруу жана арызды ырастоодон турат.

БШК жарандарды 6-ноябрга чейин бардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу арыз берүүгө чакырат.

Быйыл 17-ноябрда 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинде 33 шаардык, 231 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Ал үчүн өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.