Шайлообек Атазов: «Баткендиктерге Түркия 100, жеке ишкерлер 36 үй куруп берет»

Баткендеги күйүп кеткен үйлөр Түркия өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилет. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Түркия Баткен аймагына 100 үй салууну көздөп жатат.

«Түркия 100 үй куруп бергени жатса, өкмөт эмне кылат?» — деп сурады эл өкүлү.

Чиновниктер Министрлер кабинети социалдык объектилерди кура тургандыгын маалымдашты.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткендеги жаңжал учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулаары маалымдалган.

Чек ара жаңжалынын кесепетинен Лейлек жана Баткен аймактарында 136 үй толугу менен талкаланган. 190 кыргыз жараны жаракат алып, 36 адам каза болду, анын ичинде балдар да бар.  Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.