Шайлообек Атазов Жапаров менен Ташиевге кайрылуу жасап, Матраимов боюнча маалымат берди

Депутат Шайлообек Атазов ага 2 күндөн бери каралоо абдан катуу жүрүп жатканын жазды. Буга чейин ага жана «Женгого» таандык делген аудио соцтармакта тараган.

«Бир нече күндөн бери, эки жыл алдын болгон Свердлов району боюнча шайлоо учурунда мага тарапташ болгон адамдарды убактылуу кармоочу жайга 3-4 сааттан кармап кыйноого алып жатышат. Мага айткан маалымат боюнча, шайлоо учурунда Матраимов акча берген деп жазгыла деп жатышыптыр. Ата-энелери ыйлап келишти. Алар эмне болушту кабар жок болууда», — деп жазды ал.

Ал ошондой эле шайлоо боюнча, кантип депутат болгону тууралуу маалымат берди.

1. Эң биринчи, Кудайдын колдоосу болду, тагдырыма депутат болот деп жазылган экен.

2. Мен карапайым элге, досторума, спортчуларга, жаштарга, массалык маалымат каражаттарына ыраазымын. Алар жапырт колдошту.

3. Журт башында турган президентибиз адилеттүү шайлоо өткөрүү буйругун чыгарып, аны генерал Камчыбек Кыдыршаевич жана ИИМ, прокуратура органдары көзөмөлдөп беришти. Бул чындык. Ыраазычылык билдирем.

4. Өлкөбүздүн бардык облустарынан жакшы ниет тилек билдиришип, биздин Свердлов райондогу туугандарына кабарлашып турушту. Ата-энелер, такыба адамдар ыйлап дуба кылып жатышты. Штабда кечке чейин адам үзүлбөй иштешти.

Ал эми финансы маселеси боюнча, көп достордон карыз алдым. Үгүт иштерди жүргүзүү учурунда 74 жерде жолугушуу өткөрдүк. Программаларды ар бир үйлөргө жеткирүүгө аракет кылдык. Кыйынчылык көп болду. Кудайга жалындык жана элге таяндык. Алтынчы чакырылышта элдин маселелерин тынбай көтөрүп, чечип бир аз иштеп калдым эле, бул да мага кошумча жардам болду.

Ал эми, Матраимов Райымбек Исмаилович боюнча айтсам. Ал киши спорттун көп түрүнө жардам берип келген. Мени спортчу катары сыйлап жүрдү. Акыркы учурда тренер катары жардам берди. Мелдештерге бокс боюнча спортчуларды жөнөттү. Мамлекет тараптан жетишпей калган маселелер бар дары-дармеги, жаракат алуу, жол кире, кийими баарын колдоп берчү. Таиланд, Монголия, Беларусь, Иордания, Орусия жана башка өлкөлөргө барып өлкөбүздүн желегин көтөрүп келдик. Бирок бизнесте байланыштыгым болбоду. Мен кыргыз спорттун өнүгүүсү үчүн 24 жыл өмүрүмдү арнадым. Бокс боюнча спорт чебери, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болдум. Өлкөмдүн желеги желбиреши үчүн бар күчүмдү жумшадым. Тренер болуп иштедим. Ондогон спорт чеберлерин, миңдеген патриот жаштарды тарбияладым. 2008-жылы Спорттун отличниги болдум. Жакында эле Садыр Нургожоевич тарабынан “КР дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмери” ардактуу наамын алып сүйүнүп жатам. Жогорку Кеңешке келгенден бери негизинен спорт маселелерин көтөрүп, чечүү үчүн жазып келем. Эмгекти эл өзү баа берет эми. Окуучуларымдын ийгиликке жетүүсү үчүн кандай гана инсандарга барып жардам сурадым. Спорт үчүн ким жардам берсе, мен аны рахмат деп айтам. Саясатта өз жолум бар.

Негизи эле Райымбек Исмаилович бир күн өзү тизмелеп, кайсы чиновникке, депутатка, спортчуга жардам берип жүргөнүн айтып койсо, жакшы болмок. Мага болуп жаткан каралоолор дагы бир группасы жакында профсоюз ишмердүүлүгүн текшерген депутаттык комиссияга төрага болуп 1 жыл иштедим, кийин көптөгөн адамдардын куйругун тебелеп алдык эле. Балким бул да чоң бир себеп болуп жатат деп ойлойм. Бирок булар баары мамлекет үчүн, эл үчүн болчу.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Болуп жаткан окуяларды сиздерге жеткирген топтор бурмалап жатат деп билем. Адилеттүүлүк, чындык деп жүрүп журт башына келдиңиздер. Учурда болуп жаткан каралоо боюнча адилеттүү карап бериңиздер.

Мен да сиздердей болсом деп ар дайым элим, жерим, чындык деп кээ бир министрлерге бетке айтып жаман көрүнүп жүрөм. Эки жылда көптөгөн иштерди жасадым. Ийгиликтериме негизинен сиздердин колдооңуздар бар. Сиздерге кирип чындыкты айтууга уруксат берсеңиздер. Убактылуу кармоочу жайга кирген балдардын ата-энелери жүрөгү ооруп жатат. Мен үчүн бирөөлөрдүн кыйналышы өкүнүчтүү болууда. Мени кабыл алган соң, дагы эле чындык болбосо, баарын тагдырдан деп билем. Чындык, адилеттүүлүк орногон өлкө куруу баарыбыздын тилегибиз. Өлкөбүздү Кудай өзү колдосун», — деп жазды ал.