Шайлообек Атазов менен «Женгонун» сүйлөшүүсү делген аудио. ЖАКтан маалымат беришти

Буга чейин президенттин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына депутат Шайлообек Атазов менен «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун сүйлөшүүсү делген аудиону жарыялаган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ЖАКтан бул аудио боюнча маалымат беришип, «Женго» эркиндикте жүргөндө сүйлөшкөнүн билдиришти.

«Айыпкер Кадырбек Досонов Ош шаардык сотунун чечими менен айыпталып, 2023-жылдын 15-январынан баштап ЖАКтын № 25 мекемесине камакка алынган. ЖАКтын мекемелеринде камакта кармалып жаткан кылмышка шектүүлөр, айыпкерлер, соттолгондор ЖАКтын иштерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык иш мерчемдери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнүп турат, уюлдук телефон колдонууга уруксат берилбейт. Жогорку Кеңешитин депутаты Шайлообек Атазов менен Кадыр Досоновдун («Женго») үндөрү жазылган телефон сүйлөшүүсү боюнча аудио жазуусу, айыпкерге сот тарабынан бөгөт коюу чарасы дайындалганга чейин эркиндикте жүргөндө жазылган», — деп айтылат маалыматта.