Шайлообек Атазов менен «Женгонун» сүйлөшүүсү делген аудио соцтармакта тарап жатат

Президенттин маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына депутат Шайлообек Атазов менен «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновдун сүйлөшүүсү делген аудиону жарыялады.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМК тарабынан жок кылынгандан кийин «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов видео кайрылуу жасап, эч кандай криминалдык макамы жок экенин айткан эле.