Шайлообек Атазов сурактан кийинки постту эмне үчүн өчүргөнүн айтты

«Мага постту өчүрүп сал дешти», — деп билдирди журналисттерге депутат Шайлообек Атазов. 

Шайлообек Атазов кечээ, 30-ноябрда Башкы прокуратурага суракка чакыртылган. Сурактан чыккан соң, пост жазып аны өчүрүп салган. Депутаттын айтымында, буга посттун мазмуну себеп болгон эмес. «Прокурорлор тарабынан ишкерлерге басым жасалып, элдин көйгөйү боюнча кайрылуулар, кылмыштарды иликтөөнү кечеңдетип жатканы элдин кыжырын келтирүүдө. Прокурорлордун аракетине юридикалык баа берүү үчүн депутаттар президентке кайрылууда», — деди ал. 

Журналисттердин постту өчүрүүгө ким мажбурлады деген суроосуна Атазов «көп адамдар» деп жооп берди. «Бул президент да, УКМКнын жетекчиси да эмес. Бирок мага көп адамдар жазышты, алардын арасында менин туугандарым да бар. Зулушев менен сүйлөшкөн жокмун. Адамдардын мамилеси да эске алынышы керек. Менин туугандарым, алардын тагдыры, ден соолугу бар. Мен саясатка карапайым элдин көйгөйүн айтуу үчүн келдим», — деди Атазов.