Шайлообек Атазов УКМКда сурак эмне тууралуу болгонун айтты

Депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 9-ноябрда УКМКда суракта болду. Ал шайлоодогу эки тарапташы 10 күндөн бери камакта отурганына байланыштуу күбө катары сурак берип чыкканын, аларга каршы арызды шайлоодогу атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин үгүтчүлөрү жазганын, суракта Райым Матраимов менен байланышы тууралуу да сөз болгонун “Азаттыкка” айтып берген.

“Суракта сырды айтпаш керек дегенге кол коюп бердим. Бирок негизги тема – үгүтчүлөр тууралуу айтылды. Бизде катталган эмес, бирок мага үндөп жүргөн балдар. Алар 11 күндөн бери белгисиз жатканы мени тынчсыздандырып, эгер эч кандай аргумент, далил болбосо чыгарып койсоңор деген оюмду айттым. Матраимов менен байланышың барбы деп сурады. Мен ал спорттук иш-чараларга, мелдештерге спортсмендерди өстүрүш үчүн жардам берип жүгөнүн айттым”, — деди ал.