Шайлообек Атазовдун Орхан Инандынын уурдалышына тиешеси барбы? Депутаттын жообу

Менин Орхан Инандынын жоголушуна тиешеси бар деген маалымат — жалган. Ал такыр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, айрым саясатчыларга Шайлообек Атазовдун жыйында сүйлөп жаткан сөздөрү жакпай жатат. «Бул жарыяланган маалыматтын аркасында айрым саясатчылар турат. Менин жыйында сүйлөгөн сөзүм  аларга жакпай жатат да. Алардын коррупциялык иштери да ачылайын деп калды», — деди ал.

Мындан тышкары, эл өкүлү жарыяланган сүрөттөр боюнча да өз пикирин айтты. «Мени мындай сүрөттөр менен коркута алышпайт. Ушуну айтып коёюн. Биз эмне ал сүрөттө Орхан Инандыны талкуулап жатыптырбызбы? Мен ал Арсен Айылчиев деген жигитти да тааныбайт экенмин. Анан ошол Орхан Инандыны ошол кичинекей жигиттерге уурдатып коюптурбу? Мунун бардыгы коомдук пикирди башка жакка буруу болуп саналат. Ушундай такталбаган маалымат таратып жаткандар мыйзам чегинде жооп бериши керек», — деди ал.

Орхан Инандыны уурдоого депутат Шайлообек Атазовдун тиешеси бар деген жүйөлүү шектенүүлөр бар экендиги адвокат Таалайгүл Токтакунованын Башкы прокуратурага берген арызында айтылган. Орхан Инандынын унаасындагы видорегистратордон сүрөттөр алынган. 

«Биз алардын биринин көкүрөгүндө ак тамгасы бар кызгылт сары түстөгү футболка кийген Арсен Айылчиев болуп чыкканын жана экинчисинин аты-жөнү, биздин маалымат боюнча, Асылбек. Арсен Айылчиев 2021-жылы 29-апрелде социалдык тармактарда сүрөтүн жарыялаганын, анда ал Орхан Инандыны ээрчип жүргөн футболкасында чагылдырылганын билдик. Сүрөттө анын жанында депутат Шайлообек Атазовдун да отурганын көрүүгө болот», — деп айтылат маалыматта. 

«Орхан Инандыны уурдоого катышкан Арсен Айылчиев жана Асылбек аттуу адам деп эсептейбиз, анткени алар азыр жоголуп кетти. Арсен Айылчиев биз билген маалыматтарга ылайык, күн сайын ата-энесине телефон чалып, абалы жакшы экенин айтып жатыптыр», — деди Таалайгүл Токтакунова. Мындан улам адвокат Шайлообек Атазов да суралышы керек деп эсептейт.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.