Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча ИИМ, БШК, прокуратурага түшкөн арыздар

Шайлоо күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна мыйзам бузуулар жөнүндө 50 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, арыздардын көпчүлүгү УШКлардын үстүнөн болгон арыздар.

“Учурда ар бир факт боюнча текшерүү жүргүзүлүп жана айрымдары үчүн териштирүү иштери уланып жатат”, — деди ал.

Ал эми прокуратурага 14 билдирүү келип, алардын экөөсүнөн эч кандай мыйзам бузуу аныкталган эмес. Калган билдирүүлөр боюнча териштирүү жүрүүдө.

Дал ушундай эле шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлигине 112 билдирүү келип түшкөн.