Шайлоодон кийин мектептер онлайн режимде иштейби? Министрликтин жообу

Электр энергиясын үнөмдөө үчүн мектептерди онлайн билим берүүгө өткөрүү планда жок. Бул тууралуу журналисттерге билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Жергиликтүү ЖМКларга «энергетикалык каатчылыкка байланыштуу парламенттик шайлоодон кийин салттуу форматтагы окуулар токтотулушу мүмкүнбү?» деген суроолор түшүп жатканын жазышты. 

Надира Жусупбекованын айтымында, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн шайлоо участкалары жайгашкан мектептер бир күнгө гана онлайн окутууга өткөрүлөт. «Кечээ райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү менен онлайн жыйын өткөрдүк. Ишемби күнү жергиликтүү бийлик шайлоо участкаларын даярдап, дүйшөмбү күнү дезинфекциялайт. Ошол эле бала бакчаларга да тиешелүү. Санитардык-эпидемиологиялык инспекциядан башка көрсөтмө алган жокпуз. Эгерде кайсы бир мектептерде жылуулук маселеси жаралса, анда алар жергиликтүү бийлик менен жер-жерлерде чечилет», — деди билим берүү министринин орун басары.