Шайлоонун алдын ала жыйынтыгын уккан Дастан Жумабековдун реакциясы (видео)

Кечээ, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Дастанбек Жумабеков бир мандаттуу округдан эң көп колдоо алган.

Социалдык тармактарда анын жеңишин кандай кабыл алганы тууралуу видео пайда болду. «Мен Кудайга, өзүмө миң мертебе шүгүр кылам. Урматтуу менин командам, кыргыз элим, мен силерге таазим кылам. Ушул күндү бир ай бою күттүк», — дейт ал. Чогулгандар аны кыйкырык, ышкырык менен колдоп жатышты.