Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берди

Кечээ, 1-декабрда УКМК «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибековду суракка чакырды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда, буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген. Бирок 1-декабрда социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Ахматбек Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакырылтылган.