Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. Жеңишке жеткен партиялар добуштарды кайра саноону талап кылышууда

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо жеңип чыккан “Ишеним”, “Ынтымак” жана “Альянс” партиялары айрым шайлоо тилкелериндеги добуштарды кол менен кайра санап чыгууну талап кылууда. Аларга ушундай эле өтүнүч менен «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ата Журт Кыргызстан» дагы кошулду.

“Ишеним” 70 тилкедеги добуштарды кайра санап чыгууну талап кылууда. Ушундай эле талапты “Ынтымак” да коюп жатат. Алар Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 38 тилкенин добуштарын кол менен кайра санап чыгууну суранышууда. Ал эми «Альянс» 67 тилкеден күмөн санашат.

“Ата Журт Кыргызстандын” өкүлдөрү чет өлкөдө добуштарды кол менен саноо боюнча чектин жана протоколдордун көчүрмөлөрүн сурап жатышат. Мындан тышкары Ноокен районундагы 16 шайлоо тилкесинде жараксыз болгон гана бюллетендерди кол менен кайра санап берүүнү суранышууда.