Шайлоонун жыйынтыгы. Сот Атазов эмес, Алимбековдун пайдасына чечим чыгарды

Жогорку Сот депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовдун БШКга каршы доо арызы боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Маалыматка караганда, Шайлообек Атазов Борбордук шайлоо комиссиясынын №8 Төлөйкөн шайлоо округу боюнча өткөн шайлоону өттү деп таануу чечимин талашып, анын атаандашы Нурбек Алимбеков паракорчулук менен алектенгенин айтып, БШК анын каттоосун жокко чыгарышы керек болчу деп эсептейт. Бирок милиция Шайлообек Атазов айткан фактылардын ырастоосун таба алган эмес.