Шаирбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууга белсенди. Анын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети болуп жаш жарандардын ден соолугун жана бакубатчылыгын камсыздоо, организмдин өнүгүүсүнүн басаңдашынын жана терс өнөкөткө көнүүнүн алдын алуу үчүн аларды электрондук сигареталарды колдонуудан коргоо саналат.

«Электрондук тамекилер жаштардын арасында популярдуу көрүнүш болуп калды. Өсүп келе жаткан муун дайыма мыктыланып жаткан ар кандай түзүлмөлөрдү сатып алышууда. Алар ар түрдүү дизайнга жана алма, алча, жалбыз, дарбыз жана башкалар сыяктуу жыпар жыттуу касиетке ээ. Түзүлмөлөр эксклюзивдүү дизайндагы анча чоң эмес саптоочу бар кутулар же кооздолгон узун темир цилиндрлер сыяктуу көрүнөт, жаштарды дал ошол кызыктырат.

Акыркы жылдары окуучулардын арасында электрондук сигареталарды колдонуу олуттуу түрдө өстү. 10 жылдын ичинде электрондук сигареталар жана вейптер пайда болгонго чейин жаштардын арасында тамеки тартуунун дайыма кыскаруусу байкалган. Бирок электрондук сигареталарды кадимки сигареталардын ордуна коопсуз альтернатива катары көрсөтүү алардын популярдуу болушуна жана окуучулардын арасында колдонулушуна түрткү берди», — деп айтылат маалыматта.