Шаирбек Ташиев: «Мурдагы министрдин катачылыктарын тартып жатасыз»

Бүгүн, 3-сентябрда парламенттин комитети транспорт министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлигин карап, жактырды. Жыйында депутат Шаирбек Ташиев ага ийгилик каалап, элдин суранычын жеткирди.

«Мага Ноокат районунан кайрылуу болду. “Кара-Кой” эс алуу жайы бар экен. Ал жерге туристтер барат экен. Жолун оңдоп бергиле деп тургундар суранышууда. 2025-жылкыга планга киргизип берсеңиз. Ошол жерге кеткен каражат кайра эле чыгып калат. 

Битум боюнча да кароо керек. Мурдагы министрдин кетирип койгон катачылыктарын тартып жатасыз. Себеби битум жок. Айрым министрлер алдын ала камдабай, июнь-июль болгондо асфальт басышууда. Тоң түшкөндө сала башташат», —  деди ал