Шакиев 15 студентке 20 миң сомдон стипендия тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы 15 студентине 20 миң сомдон стипендия тапшырды. Ошондой эле эки окутуучуга илимий ишмердүүлүгүн колдоо багытында 100 миң сомдон каржылык көмөк көрсөттү.

Жолугушууда студенттер да сөз сүйлөп, тапшырылган стипендия мыкты окууга шыктандырарын жана келечекте мамлекетке керектүү адистерден болуу максаттары бар экенин кошумчалашты.