Шакиев Аксыда: «Бир-эки жылда бул айыл аймагын таза суу менен толук камсыздайбыз»

Кечээ, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы иш сапары башталды. Алгач ал Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагын аралап өткөн Кербен-Үч-Коргон-ГЭС автоунаа жолунун абалы менен таанышты.

Алсак, аталган жолдун жалпы узундугу 72 чакырымды түзүп, өткөн жылы анын 5,1 чакырымына асфальт төшөлгөн. Бул үчүн капиталдык салымдар беренесинен 39 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Ал эми быйыл жолду асфальттоо иши дагы уланып, айрым бөлүгү асфальт төшөө үчүн даярдалууда. Төрага  жергиликтүү эл менен да жолугушуп, Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолунун аймак үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси чоң экенин белгиледи. “Быйыл республика боюнча 750 чакырымдан ашуун жол жаңыланып, жалпы Аксы районунда эле 26 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган. Анын ичинен Сары-Челек көлүнө каттаган эс алуучуларга жана туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында быйыл 7,5 чакырым жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Кийинки жылы дагы аталган биосфералык корукка бара турчу 9,5 чакырым жол асфальтталат”, – деди.

Андан тышкары, өлкөдө жасалып жаткан реформаларга токтолуп: “Азыркы тапта Аксы районундагы Кум айылында 120 орунду бала бакчанын курулушу башталса, Жар-Башы айылында 250 орундуу мектептин имараты салынууда”, – деди төрага. Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, жергиликтүү аксакал айылдагы таза суу маселесин чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Төрага Бишкек шаарына кайтары менен аталган маселе боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берерин айтып: “Элдин саламаттыгы ичкен таза суусунан түздөн-түз көз каранды. Андыктан, бул маселе сөзсүз чечилиши керек. Буйруса бир-эки жыл аралыгында бул айыл аймагын таза суу менен толук камсыздайбыз”, – деп кошумчалады.