Шакиев Аксыда курулган жаңы спорттук жайдын ачылышына катышты

Жалал-Абад облусундагы иш сапарын Аксы районунда уланткан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Cары-Кашка айылындагы жабык кичи футбол жана волейбол аянтчасынын ачылыш аземине катышты.
Аталган кичи футбол аянтчасын куруу маселеси 2021-жылы парламенттик шайлоо учурунда жергиликтүү жаштар тарабынан көтөрүлгөнүн эске салган төрага: “Берилген убаданын негизинде жаштардын талабы аткарылып, бүгүн футбол жана волейбол ойноого ылайыктуу жаңы спорттук аянтча ачылууда. Буйруса, бул жай көптөгөн жаштардын шык-жөндөмүн арттырып, саламаттыгын чыңдоосуна көмөкчү болот деген ишеничтемин. Анткени, спорт сергек жашоонун булагы. Биз массалык спортту өнүктүрүү менен калкыбыздын ден соолугуна кам көрө алабыз”, – деди.
Ошондой эле Нурланбек Шакиев өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолуп, акыркы жылдары социалдык мекемелер, жолдор жаңыланып, бир катар инфраструктуралык маселелер чечилип жатканын белгиледи. “Анын ичинен саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, аталган эки тармак артыкчылыктуу багыт катары каралууда. Медициналык мекемелер жана билим берүү жайлары курулуп, дарыгерлер менен агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Учурда тиешелүү министрлик ак халатчандардын айлык маянасын дагы көтөрүү максатында эсептөө иштерин жүргүзүүдө. Жакынкы аралыкта дарыгерлердин эмгек акысы жогорулайт”, – деди төрага.
Муну менен катар жүргүзүлгөн туура экономикалык саясаттын негизинде өлкөнүн казынасы эселеп көбөйгөнүн белгилеген Нурланбек Шакиев: “Өз каражатыбыз менен көп иштерди жүргүзүп, керектүү долбоорлорду башкалардын жардамысыз ишке ашырып жатабыз. Алдыда чоң максаттар, ири реформалар турат. Алардын бардыгына өз күчүбүз менен жетебиз деген терең ишеничтемин”, – деп кошумчалады. Андан тышкары, төрага керектүү спорттук шаймандарды алууга жардам катары 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.
Жабык типтеги кичи футбол жана волейбол аянтчасын курууга 19 миллион 274 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.