Шакиев Ататүрк маселеси боюнча: «Тез арада көйгөйдү чечишибиз керек»

«Министрлер кабинети менен калаа жетекчилиги Ататүрк паркынын айланасындагы жагдайды тез арада чечиши керек». Бул тууралуу бүгүн, 30-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Өзүнө жана жалпы депутаттарга аталган маселе боюнча көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгилеген төрага: “Алар да биздин жарандар. Айрымдары узак жылдар эмгектенип, талаалап иштеп, миграцияда жүрүп топтогон каражатына ошол парктан там сатып алышкан экен. Эми кайдигер караганыбыз болбойт. Мыйзам талаптарын бекем сактап, тез арада көйгөйдү чечишибиз керек”, – деди.

Калаа жетекчилиги тарабынан 16-апрелде Ататүрк паркына байланышкан 124 токтом жокко чыгарылганы айтылган. Тагыраагы, сейил бакта мыйзамсыз курулду делген 198 объект бар экени белгиленген. Ошондон бери аталган маселе боюнча түрдүү пикирлер айтылып, Жогорку Кеңештин депутаттарына да көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө.