Шакиев: “Элет жеринде иштеген дарыгердин айлыгы шаарда эмгектенген дарыгердикинен көп болушу керек”

Бүгүн, 8-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Алай районундагы иш сапарынын алкагында Гүлчө айылында жайгашкан жалпы дарыгердик практикалоо борборунун абалы менен таанышты. Алсак, райондогу 70 миңден ашуун жаранды тейлеген дарылоо мекемеси 1973-жылы негизделген. Азыркы тапта 762 кызматкер эмгектенет. Анын ичинде 85 дарыгер жана 379 орто медициналык билим бар адис иштейт.
Былтыр Дүйнөлүк банктын, ошондой эле Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин колдоосу менен оорукананын имараты толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Борбордун иши менен таанышып чыккан төрага анда иштеген жамаат менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу кеп кылды. “Акыркы жылдары мамлекет тарабынан калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган алгылыктуу аракеттер жасалып, көптөгөн медициналык мекемелер курулууда. Эскилери жаңыланып, заманбап жабдуулар менен камсыздалууда. Ошондой эле дарыгерлердин айлык маянасы жогорулатылып, чоң колдоолор көрсөтүлүүдө. Бул элибиздин ден соолугу жана улутубуздун саламаттыгы үчүн өтө маанилүү”, – деди Нурланбек Шакиев.
Муну менен катар жер-жерлердеги иш сапарлары учурунда дарыгерлердин жетишсиздиги башкы көйгөй катары көтөрүлөрүн айткан төрага: “Натыйжада элет жериндеги медициналык мекемелерде пенсия курагындагы аталарыбыз жана апаларыбыз эмгектенип, аларды эл кетирбей кармап турат. Алар кетсе, дарыгерсиз кала турган айылдар арбын. Тескерисинче шаарларда жаш кадрларга орун жок. Андыктан, аймактарга жаш адистерди тартуу үчүн айлык маянаны көбүрөөк төлөш керекпиз. Шаарда эмгектенгендерге караганда элет жеринде иштеген дарыгердин айлыгы 30%га арбын болушу шарт. Бул сөзсүз өз натыйжасын берет”, – деди.
Ошондой эле төрага «Дарыгердин депозити» программасы жаш адистерди тартууда жетишсиз болуп жатканын жүйө келтирип: “Жаш дарыгер жаңыдан иштеп баштаганда эле жакшы айлык алышы керек”, – деп кошумчалады. Андан тышкары, табияты катаал, алыскы аймакта эмгектенип жаткан ак халатчандарга ыраазычылыгын айткан Нурланбек Шакиев ооруканага реанимобиль унаасынын ачкычын жана 300 миң сомдук сертификат тапшырды.