Шакиев: «Эт жана сүт багытындагы мал жандыктарын көбөйтүшүбүз керек»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Айры-Там айылындагы ветеринардык клиниканын ачылышына катышты. Ветеринардык клиниканы курууга жалпы 4 миллион 100 миң сомдон ашуун каражат жумшалган.
Салтанатта Кыргызстандын көпчүлүк калкы мал чарбачылыгы менен алектенерин айткан Нурланбек Шакиев: “Андыктан ветеринардык абалга өзгөчө көңүл буруп, мал ылаңдарын алдын алуу аракетин күчтөндүрүшүбүз керек. Бүгүн ачылып жаткан ветеринардык клиника мал арасындагы илдеттерди жоюга гана эмес, жарандардын саламаттыгын чыңдоого да салым кошот деген ишеничтемин. Себеби «Медициналык дарыгер адамды дарыласа, ветеринардык дарыгер жалпы адамзатты дарылайт» деген кеп бар”, — деди.
Ошондой эле мал чарбачылыгы өлкө экономикасынын негизин түзөрүн айткан төрага: “Сандан сапатка өтүүгө мезгил келди. Малдын сапатын көтөрүп, эт жана сүт багытындагы мал жандыктарын көбөйтүшүбүз керек. Муну менен катар жайыттарды туура пайдаланууга аракет кылуубуз кажет. Антпесек, тоют маселеси күндөн күнгө көбөйүп, экологияга да терс таасирин тийгизери анык”, — деп кошумчалады.
Андан тышкары төрага ветеринардык клиникага жардам катары өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сом тапшырды.