Шакиев: “Инфраструктуралык долбоорлор бүгүнкү күнгө эмес, келечекке ылайык жасалышы керек”

Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарынын саркынды суу тутумун жана саркынды сууларды тазалоочу курулмасынын долбоору менен таанышты.

Алсак, 30 миңден ашуун калкы бар Кербен шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулмалар эскирип, жараксыз абалга келген. Ага ылайык, атайын долбоор иштелип чыгып, 45 миң кишиге ылайыкташкан саркынды суу тутумун куруу мерчемделген. 5311 метрди түзгөн тутумду жана башка тиешелүү курулмаларды жасоого жалпы 115 миллион сом каралган.

Нурланбек Шакиев инфаструктуралык долбоорлордун бардыгы келечекке багытталып, 5-10 жылдан кийинки жагдайды эске алуу менен иштелип чыгышы керектигин белгиледи. “Кудайга шүгүр калкыбыздын саны өсүүдө. Бүгүнкү күнгө ылайыктап эле жасап кое турган болсок, 5 жылдан кийин ал жетишпей, кайра жаңысын курууга мажбур болобуз. Андыктан, алдын-ала эсептеп, келечекке карап курушубуз керек”, — деген төрага жасала турган иштин  сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле төрага Кербен шаарынын кире беришиндеги арканын долбоору менен да таанышты. Аталган арка быйыл белгилене турган шаардын 20 жылдык маарекесин утурлай ачылары күтүлүүдө.