Шакиев Кербен шаарын жөө кыдырып, андагы инфраструктуралык абал менен жеринде таанышты

Кечээ, 15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жергиликтүү жетекчилер менен бирге Кербен шаарын жөө кыдырып, 30 миңден ашуун калк жашаган калаадагы инфраструктуралык абал менен таанышты.

1930-жылы түптөлүп, 2004-жылы шаар макамын алган Кербендин абалы өтө начар экенин белгилеген төрага: “Мамлекет Бишкек жана Ош шаарларынан тышкаркы калааларды да өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бирок жергиликтүү жетекчилер эле өз алдынча бүтүрө ала турган иштер арбын. Айрыкча шаар мэрлери өзү башкарган калаанын макамына ылайык иш алып барып, социалдык-инфраструктуралык маселелерди чечиши керек. Демилге көтөрүп, жок дегенде шаарды жашылдандырып, иретке келтириши зарыл”, — деди.

Тагыраагы, Нурланбек Шакиев Кербен шаарынын мэри Эрнис Зияйдиновдун ишин сынга алып, 20 жылдык тарыхка ээ калаа каралбай калганын белгиледи. “Кербен чоң деле шаар эмес. Күнүгө жөө кыдырып, калаадагы жагдайды өз көзүңүз менен көрүп чыгышыңыз керек. Айрыкча көчөлөрдөгү тазалыка көңүл буруп, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүп беришиңиз зарыл. Азыр ыкчам жана активдүү иштөөнүн заманы. Эптеп иштеп, убакыт өткөрүүгө болбойт”, — деди төрага.

Муну менен катар быйыл Кербен шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 200 миллион сом бөлүнгөнүн айткан төрага аталган каражатты да сарамжалдуу пайдаланып, негизги инфаструктуралык маселелерди чечүү керектигин кошумчалады. Анын ичинен Абдыкадыр Дүйшөбаев атындагы борбордук стадионду быйыл 10-октябрга чейин бүткөрүүнү талап кылды.

Алсак, аталган жай аты эле стадион деп белгиленгени менен эч кандай шарты жок. Андыктан жаңы салына турган стадион эл аралык стандарттарга жараша долбоорлонуп, 2300 орунга ылайыкталып жасалары күтүлүүдө. ”Быйыл Кербен шаарынын 20 жылдыгы. Андыктан, октябрь айындагы маарекелик иш-чарага чейин бардык иштерди бүткөрүү зарыл. Маарекени майрам катары эле караганыбыз болбойт. Жасаган иштериңер боюнча отчет берип, калаанын 20 жыл ичинде кандай өзгөргөнүн көрсөтүшүңөр керек”, — деди Нурланбек Шакиев.