Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргыз улуттук агрардык университетинин 90 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев аталган университет кылымга тете тарыхында ɵсүп ɵнүгүүнүн татаал, бирок даңктуу, жаратмандык жолун басып ɵткөнүн белгилеп: «90 жыл ичинде агроɵнɵржай тармагы үчүн 70 миңден ашуун жогорку квалификациядагы адистерди даярдап чыгарган. Андыктан бүгүн университетке “Даңк” орденинин ыйгарылып жатышы кубанычтуу жаңылык”, — деди. Муну менен катар окуу жайдан кыргызга белгилүү улуу инсандар билим алганын эске салып: «Алардын катарында дүйнɵлүк адабияттын алпы, адистиги боюнча зоотехник, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да бар», — деген төрага атактуу инсандын ысымын университетке ыйгаруу сунушун берди.

Муну менен катар Агрардык университет баштаган өлкөдөгү беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам берүүгө байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жатканын айткан Нурланбек Шакиев өзгөчө макам университеттердин өз алдынча өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүнө ишенерин билдирип, өзү да аталган окуу жайда билим алганын эске салды.

Сөзүнүн соңунда төрага Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдыңкы окутуучуларына Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды. Кыргыз улуттук агрардык университетинде азыркы тапта 7 миңден ашуун студент 31 кафедрада, тɵрт колледжде 19 бакалаврдык, 17 магистрдик багыттарда билим алышат. Профессордук – окутуучулук курамы 300 адамды камтыйт, анын ичинде илимдин 34 доктору, 106 кандидаты эмгектенишет.