Шакиев: «Маданият кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис»

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 2-ноябрда Кыргызстанда белгиленип жаткан Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

“Маданият – улуттун жүзү” деп бекер айтылбаган. Анткени, бир элдин маданияты аркылуу ошол улуттун өзгөчөлүгүн, дүйнө таанымын, руханий баалуулуктарын көрө алабыз. Кылым карыткан кыргыз эли эркиндик менен эгемендикке негизделген көчмөн турмушту камтыган улуу маданияттын ээси болуп саналат. Бабаларыбыз дүйнөдө теңдеши жок “Манас” дастанын жаратып, адамзатка кептен куралган кең ааламдын эшигин ачкан. Мына ошол улуулардан калган жолду улай, руханий көрөңгөбүздү кемитпей сактап калуу ар бир кыргыз уулунун башкы милдети.

Учурда маданият тармагынын түрдүү багыттарында 20 миңге чукул замандашыбыз эмгектенет. Алар Жараткан тартуулаган таланты жана талыкпаган эмгеги менен кыргыз маданиятын өнүктүрүп, ошол эле учурда дүйнө элине даңазалап келишет. Андыктан алардын эмгеги баа жеткис! Бар болуңуздар өнөр ээлери, маданият кызматкерлери! Сиздерге чыгармачылык эргүү, жемиштүү эмгек каалайм! Ала-Тообузда ынтымак менен биримдиктин кайрыктары жаңырып, түндүгүбүз бийик, керегебиз кенен болсун!» — деп жазылат куттуктоодо.