Шакиев: «Мен кесиптеш катары журналисттик иштин канчалык түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экенин жакшы билем”

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда сөз эркиндигинин өнүгүшүндө журналисттердин ролу жогору экенин белгилеген төрага Нурланбек Шакиев: “Бүгүнкү  илимий-технология өтө тездик менен өнүгүп жаткан заманда  коомчулукка  так жана ыкчам маалымат жеткирүүнүн маани-маңызы артып, жоопкерчилиги да жогорулоодо. Айрыкча, журналисттер коомдо агартуучулук милдетти да аткарып, жалпы пикирди жаратууда таасири күчтүү”, – деди.

Муну менен катар ары татаал, ары сыймыктуу милдетти таланттуу, өз ишин сүйгөн журналисттер гана аркалай ала турганын айткан Жогорку Кеңештин төрагасы: “Мен көптөгөн жылдар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп келген кесиптешиңиздер катары сиздердин журналисттик ишмердүүлүгүңүздөр канчалык түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү экенин жакшы билем”, – деп кошумчалады.

Ошондой эле майрамдык иш-чаранын алкагында айрым ЖМК өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин ардак грамоталарын, төраганын энчилүү сааттарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды. Андан тышкары жолугушууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, ыраазычылык билдиришти.