Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев селден жабыркаган айылдардан кабар алып, табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында көрүлүп жаткан чаралар менен таанышуу үчүн Жалал-Абад облусунун Аксы районуна барды.
Төраганы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жетекчилер коштоп барып, жасалып жаткан иштер боюнча жеринде маалымат беришти. Алгач төрага Кара-Камыш айыл аймагындагы Чарба айылында болуп, Кара-Суу дарыясынын нугун буруп, жээгин бекемдөө жаатында мерчемделген иштердин долбоорун көрдү. Табигый кырсыктардан алдын алуу иштерине кайдигерлик кылуу мүмкүн эмес экендигин айткан төрага: “Кырсык айтып келбейт. Аба ырайынын туруксуздугун эске алып, жалпы өлкө боюнча сел жана жер көчкү тобокелдиктерин азайтуу иштерине өзгөчө көңүл бурулушу керек. Анткени, өлкөбүздүн башкы байлыгы — элибиз. Андыктан элибиздин коопсуздугуна кам көрүү мамлекетибиздин башкы милдети”, — деди.
Ошондой эле дарыянын жээктерин бекемдөө иши тез жана сапаттуу бүткөрүлүшү керектигин белгилеген Нурланбек Шакиев: “Табигый кырсыктардын алдын алуу ишинен каражатты аябашыбыз керек. Эгер кайдигер карап, каражатты аясак анын кесепети оор болушу мүмкүн”, — деп кошумчалады.
25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Кара-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суунун агып келиши секундасына 35 куб метрден, 100 куб метрге чейин жогорулаган. Натыйжада дарыянын жээги бузулуп, Чарба айылындагы турак жайларды каптап кетүү коркунучу жаралган. Иш сапар андан ары уланып, төрага Нурланбек Шакиев баштаган жетекчилер Жүзүм-Жан, Кара-Суу айылдарындагы жагдай менен да таанышары күтүлүүдө.
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...