Шакиев: “Суусамырдагы алтыгананы азайтуу багытында алгылыктуу иштерди алып барыш керек”

Бүгүн, 12-августа Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынан кайтып келе жатып, Суусамыр өрөөнүн каптап жаткан алтыгана көйгөйүнөн кабар алды.

Алсак, аталган тикендүү бадал өсүмдүгү акыркы жылдары Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарды жана айдоо аянттарын каптап, күндөн-күнгө көбөйүүдө. Акыркы маалыматтарга таянсак, алтыгана каптаган жердин жалпы көлөмү 800 гектарга жеткен. Нурланбек Шакиев экологияга коркунуч туудуруп жаткан бул жапайы бадал өсүмдүгүн жок кылуу маселеси жыйындарда талкууланып, көп көтөрүлгөнү менен аны азайтуу багытындагы иштер натыйжасыз болуп жатканын белгиледи.

”Суусамыр өрөөнүндө жергиликтүү элдин гана малы багылбастан, жай мезгилдери Чүй жана Талас облусунун бир катар райондорунан келген малчылар жайлайт. Андыктан, бул өрөөндүн өлкөбүздүн айыл чарба тармагындагы орду өзгөчө. Тилекке каршы акыркы жылдары алтыгана өсүмдүгү каптап, жайытка жана айдоого ылайыктуу жерлердин аянтын азайтып бара жатканы баарыбызга белгилүү. Бул маселе Жогорку Кеңеште жана Министрлер кабинетинде көп көтөрүлгөнү менен натыйжалуу иштер жасалбай келет. Мындай жагдай улана берсе Суусамыр жайлоосун жараксыз кылып алабыз”, — деди төрага.

Муну менен катар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине аталган маселе боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу тапшырмасын берген Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясы баштаган тиешелүү мекемелерди да зыяндуу бадал өсүмдүгүн азайтуу багытындагы керектүү изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чакырды.

”Алтыгананы кайра иштетүү жагын караштырып, башка өсүмдүктөргө зыян келбегидей жумуштарды жүргүзүү зарыл. Себеби, зыяндуу бадалды жок кылабыз деп жатып, өрөөндүн экологиясын жабыркатып албашыбыз керек. Бул үчүн тез арада ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлүп, ыкчам иштер алып барылышы шарт”, — деп кошумчалады Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш керектүү мыйзамдарды кабыл алып, аталган маселеге байланышкан бардык маанилүү демилгелерди колдоп берүүгө даяр экенин айткан төрага: “Жер биздин башкы байлыгыбыз, азык-түлүк коопсуздугубуздун кепилдиги. Андыктан, убакыттан уттурбай, ыкчам иш алып баруубуз кажет”, — деди. Андан тышкары, Нурланбек Шакиев жергиликтүү эл жана аймакта жашап жаткан малчылар менен да баарлашып, алтыгана өсүмдүгүн азайтуу жаатындагы сунуш-пикирлерин укту.

Төраганы депутаттар Данияр Толонов, Саидбек Зулпуев, Жанарбек Акаев, Бактыяр Калпаев, Эльдар Сулайманов жана Кубанычбек Самаков коштоп барды.