Шакиев: “Төраганын резервдик фондунан Ысык-Көлдөгү селден жабыркаган жарандарга даректүү жардам берилет”

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Гүлкан Молдобекова Ысык-Көл облусунда катталган сел кырсыгынын кесепеттери жана аларды жоюуга көмөктөшүү маселесин көтөрдү.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ысык-Көл облусунда катталган селдин кесепети абдан чоң болгонун жана аны жоюу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерден кабары бар экенин белгилеп: “Албетте, төраганын резервдик фондунан каражат бөлүнүп, даректүү жардамдар берилет. Жабыркагандар арасында тактоо иштери жүргүзүлүп, муктаждарга тиешелүү көмөктөр көрсөтүлөт”, – деди.

Өткөн айда нөшөрлөгөн жаандан улам Ысык-Көл жана Тоң райондорунда сел жүргөн. Учурда селден жабыркаган аймактарда тазалоо иштери уланууда.