Аскер бөлүгүнүн шалаакылыгынан улам жоокерлер кургак учукка кабылган. Мындай пикирди бүгүн, 31-мартта Жоокер энелеринин комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова маалымат жыйында билдирди.
“Жоокерлер уламдан-улам ооруп жатат. Аскер бөлүгүндөгү кызматкерлердин шалаакылыгынан улам жоокерлер кургак учукка кабылган. Учурда бул иш боюнча кылмыш иш козголду. Ал эми жоокерлерге болсо ооруканада шарттар түзүлгөн. Аны менен катар Күч түзүмдөр кызматы да кошумча тамак-аш берип жатат», — деп билдирди Байгубатова.
Ошондой эле ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кургак учук жугузуп алгандардын саны 26га жетти.
Февраль айында Абадан коргонуу күчтөрүнүн зениттик-ракеталык бригадасынын 7 жоокери кургак учукка кабылганы кабарланган. Кийин алардын саны өскөн. Бул факты боюнча Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.