«Сакал кой, жоолук салын, бирок тартиби менен болсун». Камчыбек Ташиев өз позициясын билдирди

«Диний-экстремистик уюмдар чыгып, өзүнчө уюшуп алышып, коомубуздун оюн, жашоо-тиричилигин, үрп-адатын, каада-салтын башка жакка бурууга аракет кылып жатышат». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Буларга каршы күрөштү дагы күчөтүшүбүз керек. Себеби, кыргыз кыргыз болуп жаралгандан бери өзүнүн салты бар. Анын ислам дини бар. Кыргызстандын келечегин сактап калуу биздин колубузда. Азыр динибиздин бурмаланган эреже-талаптарын чыгарышып, ар түрдүү коомго терс кийим-кечелерди кийишип, кебетесин өзгөртүшүп, салттуу динге туура келбеген нерселерди кылып жатышат. 

Кыргыз болгондон бери баарыбыз зыңкыйып жүргөнбүз. Шалбырагандарды кийип, 25-30 жаштагы жигиттер киндигине чейин сакал койгон эмес. Сакал койбо деп эч ким айтпайт, тартиби менен койгула. Жоолукту салынгыла, бирок башка журттун, башка диний агымдардын үрп-адатын алып келбегиле», — деди ал.