«Шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген аял: «Чатыр 20 метрдей учту, көчөдө адам болбогону жакшы болду»

Социалдык тармактарда «катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги үйдүн ээси менен байланышканыбызда, кырсык Шалта айылында болгонун, жабыркагандар жок экенин айтты. «Бул биздин времянкабыз болчу. Жашаган үйүбүз бар. Жардам кереги жок. Жолдошум, балдарым бар, өзүбүз чатырды жаап алабыз. Эң негизгиси аманбыз, чатыр 20 метрдей учуп кетти, ошол учурда көчөдө адам болбогону жакшы болчу. Кечээ айыл өкмөттөн келип кетишти»,- деди Гүлмира айым.