Шамалдан Ысык-Көлдөгү аэропорттун тосмосу кулап калган. Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун тосмосу кулап калганы боюнча президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков түшүндүрмө берди. Өз учурунда соцтармакта тараган фото жана видеолор кызуу талкууга алынды.

«Тамчы» эл аралык аэропортунун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн. 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет. Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат. Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз», — деп жазды ал.