Шамалдаткычы бар. Ошто жаңы автобустар каттай баштады

Ош шаарында жаңы автобустар ишке кирди. Коомдук унаа жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана жайкы ысыктан сактаган шамалдаткычтары бар. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү жаңы автобустар №43 автобустук каттамга чыкты. Аталган каттам №143 кичи автобус каттамын алмаштырды. Кийинки жумадан тарта жаңы автобустар төмөнкү багыттар боюнча №7 жаңы автобустук каттамга чыга баштайт. Мындан тышкары, жакынкы күндөрдө жаңы автобустар №49 жана №25 автобустук каттамдарына чыгышат.